Пакистанда поезд рельстен чыгып кетип, 30 адам каза болду

Пакистандын түштүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, 30 адам каза болгонун Euronews агенттиги кабарлады.

Темир жол кызматынын башчысы билдиргендей, Равалпиндиге бара жаткан поезддеги он вагон рельстен чыгып, айрымдары Пакистандын Навабшах шаарына жакын жерде оодарылып, көптөгөн жүргүнчүлөрдү басып калганын билдирди.

Жараат алгандардын жалпы саны 60ка жетти. Куткаруу иштеринин жүрүшүнө жараша каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.