Пакистанда селден миңден ашуун адам каза болуп, 30 миллиондой киши үй-жайсыз калды

Пакистанда соңку ай ичинде селден миңден ашуун адам каза болуп, 30 миллиондой киши үй-жайсыз калды. Алар чатырларда баш калкалоого аргасыз болушууда. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Аталган өлкөдө селден улам өзгөчө абал режими да киргизилди. Катуу жаан июль айынын орто ченинен башталып, Пакистандын батышы жана түштүгүндө 30 жылда жаай турган жамгыр төккөн. Август айында эсеби боюнча сегизинчи муссон жааны башталган, демейде жылына мындай жамгыр үч же төрт жолу гана жаай турган.

Жакынкы күндөрү да катуу жаан болушу күтүлүүдө. Өлкөдө көптөгөн жол жана көпүрөлөрдү жууп кетип, бул жагдай куткаруучулардын ишине да тоскоолдук жаратып жатат. Баш-аягы селдин кесепетинен 3 миң чакырымдан ашуун жол, 149 көпүрө, 950 миңге жакын үй зыян тартып, 700 миңден ашуун малдын башы өлгөн.