Пакистанда төрт активист аялды өлтүрүп кетишти

Кечээ, 22-февралда Пакистан мамлекети менен Ооганстан өлкөлөрүнүн чектеш аймагындагы Иппи кыштагына аялдар кетип бараткан автоунаага белгисиз адамдар кол салышып, төрт аялды өлтүрүп, айдоочуну жарадар кылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтар боюнча каза болгон аялдар Пакистандын кайрымдуулук фондундорунун биринде эмгектенишчү. Алар айыл жергесиндеги жергиликтүү аялдарды ишкерликке үйрөтүү боюнча окууларды жүргүзүү үчүн жол тартып баратышкан.

Учурда бул окуя боюнча жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери кол салган кылмышкерлерди издөөгө алышып, тергөө иштерин жүргүзүп башташкан

Ошондой чет элдик басылмалар соңку мезгилдерде Пакистандын аймагында жоочуларга кол салуулар көп катталып жатканын жазышты.