Пакистанда унааларды эмне үчүн түркүн түскө боёшот? Кызыктуу маалымат

Ишкер Рысгүл Акимжанова соцтармактагы баракчасына Пакистандагы түркүн түскө боёлгон унаалардын сүрөттөрүн жарыялады.

«Эмне үчүн мынча көп акча коротуп, жүк ташуучу унааны кооздошот? Көрсө, кооздолгон жүк ташуучу унаа ээсине кымбат буюртамаларды алып келип берет экен, өзгөчө ар кандай майрамдарда. Мисалы, бай кооздолгон автобустарга талоончулар же жөн эле эл тийишпейт дешет экен. Канчалык чындыгы бар, билбейм. Элдер түнү дискотекага барса, пакистандыктар дискотеканы айдап жүрүшөт», — деп жазат ишкер.