Пакистандын Министрлер кабинети нааразылык акцияларынан улам борбор калаа Исламабадга армиянын киришине уруксат берди. Бул тууралуу Al Jazeera жазды.
«Аскер шаарга чакырылды. Полиция рейнджерлери жана Пакистан армиясы коомдук тартипти сактоо үчүн жеринде жүрүшөт», — деп айтылат жергиликтүү полициянын Twitter баракчасында.
Ошондой эле кечээ, 10-майда премьер-министр Шехбаз Шарифтин төрагалыгы астында өткөн жыйында Министрлер кабинети камакка алынгандарды айыптоо сунушун берди.
Митингдерде жана тополоңдордо 140тан ашуун полиция кызматкери жана аткаминерлер жарадар болуп, 1400дөй адам камакка алынган. Рейтер агенттиги тополоңдо кеминде беш киши каза болгонун кабарлады.
9-майда Пакистанда массалык нааразылык акциялары башталган. Чогулгандар камакка алынган экс-премьер Имран Хандын тергөө абагын басып алууну көздөшкөн. Массалык нааразылык акцияларына чейин Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын «Аль-Кадир траст» фондунун каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып менен камакка алынганы тууралуу маалымат пайда болгон. Ага карата терроризм жана массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча ондогон кылмыш иштери козголгон. Андан соң пакистандык оппозиция нааразылык акцияларына чыгууга чакырган.
Британиялык Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан жалгыз аман калган жүргүнчү экенин ЖМКлар жазышкан. Рамеш Лондонго багыт алган Boeing 787 учагынын 11А орундугунда...
Британиялык Вишвашкумар Рамеш Индиядагы авиакырсыктан жалгыз аман калганын Би-Би-Си жазды. Учак Индиянын батышындагы Ахмедабад шаарынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн....
Индияда кыйраган учак жатакананын чатырына түшкөнүн Tengrinews.kz жазды. Учак Ахмедабад аэропортуна жакын жердеги дарыгерлердин жатаканасына кулап түшкөнүн жергиликтүү полиция кызматкери...
Air India компаниясы учагы Индиянын батышында кыйраганын тастыктады. Boeing 787-8 бортунда 242 адам менен Лондонго учуп бара жаткан. Жергиликтүү TimesNow...