Пакистандагы нааразылык акцияларынан улам шаарга аскерлер киргизилди

Пакистандын Министрлер кабинети нааразылык акцияларынан улам борбор калаа Исламабадга армиянын киришине уруксат берди. Бул тууралуу Al Jazeera жазды.

«Аскер шаарга чакырылды. Полиция рейнджерлери жана Пакистан армиясы коомдук тартипти сактоо үчүн жеринде жүрүшөт», — деп айтылат жергиликтүү полициянын Twitter баракчасында.

Ошондой эле кечээ, 10-майда премьер-министр Шехбаз Шарифтин төрагалыгы астында өткөн жыйында Министрлер кабинети камакка алынгандарды айыптоо сунушун берди.

Митингдерде жана тополоңдордо 140тан ашуун полиция кызматкери жана аткаминерлер жарадар болуп, 1400дөй адам камакка алынган. Рейтер агенттиги тополоңдо кеминде беш киши каза болгонун кабарлады.