Пакистандык жаран коопсуздук үчүн кызынын башына камера орноткон (видео)

Пакистандын тургуну кызынын башына чоң видеокамера жабыштырып койгонун Times of India жазды. Ал кыздын жанында жакындары жокто анын коопсуздугун ушундай жол менен камсыз кылгысы келет.

Социалдык тармактарда интервью берген кыздын видеосу тез тарап кетти. Көпчүлүк аны аша чапкан көзөмөл деп жаман да көрүштү. 

Кыз ата-энеси жакында Карачиде бир жаш кыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу анын коопсуздугу үчүн катуу тынчсызданып жатканын айтты. Ушундан кийин кыздын үй-бүлөсү аны коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасагысы келген.