Палестина менен Изралдин ортосундагы куралдуу жаңжал курчуп жатат

Газа тилкесинде израилдиктер жана палестиналыктар ортосундагы куралдуу жаңжал өткөн түнү дагы курчуду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

12-майда Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинен 30дан ашык палестиналык мерт болгонун, алардын 10у балдар экенин кабарлашты. Эки күн мурун башталган куралдуу жаңжалда жалпысынан 200дөн ашык палестиналыктар жараат алган. Ал эми израилдик аскерлер тилкеге чабуул кылган учурунда 20дай палестиналык согушкер өлтүрүлгөнүн расмий ырасташты. ХАМАС жана «Ислам жихады» тобу жөөттөр жашаган аймакты ракеталар менен аткылаган учурда 7 израилдик мерт болуп, ондогон тургун жараат алган. Өз кезегинде Израилдин армиясы палестиналыктардын 100дөн ашык объектисине чабуул койду. Алардын бир нечеси адамдар жашаган имараттарга жакын жайгашкан.

Израиль менен Палестинанын ортосундагы соңку жаңжал 2014-жылдан бери эң ири кагылыш болуп калды. Эл аралык коомчулук Газадагы абал көзөмөлдөн чыгып кетеби деп тынчсызданып жатат.