Газа тилкеси тышкы дүйнө менен толугу менен байланышы жок калды. Бул тууралуу Палестинанын Кызыл жарым Ай коому билдирди.
Маалыматка караганда, Тез жардам бригадалары байланыштын жоктугунан жардам сурап кайрылгандарды кабыл ала албай жатышат. Мындан тышкары, буга чейин чакырылган бригадалар менен да байланыш үзүлгөн. «Газа азыр толугу менен изоляцияда», — деп айтылат маалыматта.
Палестинанын телекоммуникация компаниясы Газа тилкесинде байланыш жана интернет кызматтары толугу менен өчүрүлгөнүн жарыялады. ХАМАС бомбалоосуна жооп иретинде Израилди ракета менен аткылаганын жарыялады. Израилдин аскерлери бул билдирүүлөргө комментарий бере элек.
Буга чейин Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкесинде эң ири жардыруулардын бирин ишке ашырганы кабарланган.