Палестина-Израиль жаңжалы: 21 журналист өлтүрүлдү

Журналисттерди коргоо комитетинин маалыматы боюнча, Палестина-Израиль аймагында аскердик аракеттер башталгандан бери 21 журналист өлтүрүлдү. Анын 17си палестиналык, 3өө израилдик, 1өө ливандык. Ошондой эле 8 журналист жаракат алган, 3 журналисттин дайыны белгисиз.

Соңку маалыматтар боюнча, Газа тилкесинде 3785 адам каза болуп, 12 миңден ашуун киши жаракат алган. Израилде жалпы жонунан 1400дөн ашуун киши каза болуп, 4 миңдей адам жаракат алган.