Палестинанын президентинин кортежине куралдуу кол салуу болгону айтылды

Палестинанын президенти Махмуд Аббастын кортежине куралдуу кол салуу болду. Бул тууралуу CNN Türk, Milliyet, Hurriyet басылмалары жазды.

Аббастын өзү окуя болгон жерде болгон-болбогону, жаракат алган-албаганы азырынча белгисиз. Milliyet гезити бир күзөтчүнүн жарадар болгонун маалымдаган. Hurriyet басылмасынын маалыматына караганда, кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Абу Жандалдын балдары» деп аталган топ өзүнө алган. Алар бир күн мурун Аббаска «Израилге каршы чара көрүүнү» 24 сааттык ультиматум менен тапшырган.

РИА Новости агенттигине Аббастын администрациясынан Палестинанын президенти соо экенин жана Рамаллахдагы кеңсесинде иштеп жатканын билдиришти.