Пандемия жана кош бойлуулук. Дүйнөдө балалуу болууну пландабаган 1,4 миллион аял кош бойлуу

1,4 миллиондон ашык пландалбаган кош бойлуулук изоляция режиминин жана пандемияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасы болуп саналат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун докладында айтылганын “Новости ООН” жазып чыкты.

Докладдын авторлору коронавирус оорусунун башталышы бардыгы үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келгенин, ошондой эле аялдар менен кыздардын абалына эң чоң таасирин тийгизгенин белгилешти. Алардын көпчүлүгү кош бойлуулуктун алдын алуучу дарыларга же гинекологдун жардамына ээ болбой калышты. Анткени пандемия шартында бардык күчтөр оору менен күрөшүүгө жумшалды. Көптөгөн ооруканаларда биринчи жардам гана көрсөтүлүп, пландаштырылган операциялар жана профилактикалык текшерүүлөр белгисиз бир мөөнөткө жылдырылды.

Мындан тышкары, аялдар өздөрү COVID-19 оорусунан коркуп, дарыгерлерге кайрылышкан эмес. «Бир катар өлкөлөрдө эл аралык соодага коюлган чектөөлөрдүн натыйжасында, бойго бүтүрбөөчү каражаттар сатыкка чыкпай калган. Мунун бардыгы балалуу болууну пландабаган 1,4 миллион аялдын боюна бүтүп калышына алып келди», — деп айтылат докладда.