Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкү 2 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган болушу мүмкүн

Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкү 2 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Associated Press менен Reuters аталган өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө таянып маалымдады.

Жер көчкү 24-майга караган түнү жүргөн. Кырсык катталган аймакта калктын санын баалоо оор, анткени тургундардын көбү кыштактарда жашайт жана соңку ирет калкты каттоо мындан 24 жыл мурда жүргөн.

Папуа-Жаңы Гвинея Тынч океанынын түштүк-батышында, Австралияга жакын жайгашкан мамлекет.