Паралимпиада: Руанданын спортчусу дайынсыз жоголду

Парижде Паралимпиада оюндары башталар алдында Руандадан барган спортчу дайынсыз жоголду. Эки жумадай убакыттан бери анын кайда экени тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу Tengri Sport жазды.

Маалыматка караганда, спортчу 27-августтагы Паралимпиаданын ачылыш аземине катышышы керек болчу, бирок иш-чарага жети күн калганда дайынсыз жоголгон.

«Полициядагы булактын айтымында, 20-августта саат 19:00дө Паралимпиадалык волейболчу анын делегациясы турган Париж аймагындагы лагерден чыгып кеткен. Анын дайынсыз болуп жатканын Руананын Олимпиада комитетинин президенти билдирди», — деп жазат Ouest France.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, прокуратура тергөө башталганын тастыктап, атайын топ түзүлгөнүн билдирген.