1-сентябрдан тарта Парижде электр самокаттарын ижарага алуу жана берүү токтотулат. Мындай чечим референдум аркылуу кабыл алынганын RTBF телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин апрель айында Парижде электр самокаттарын колдонуу боюнча шаардык референдум өткөн. Добуш берүүгө 100 миңден ашуун жаран катышкан. Референдумдун жыйынтыгы боюнча 89 пайызы электр самокаттарын ижарага алууга тыюу салууну колдошкон. Париж — Европадагы электр самокаттардын колдонулушуна тыюу салган биринчи шаар болуп калды.
Париж мэриясы электр самокаттарын ижарага берүү боюнча үч жеке кызмат көрсөтүүчүлөр ( Lime, Tier жана Dott ) менен иштешүүдөн баш тартты. Буга ылайык, шаардык тургундар самокаттарды августтун аягына чейин гана колдоно алышат. Париждин көчөлөрүнөн жалпысынан 15 миң ижарага алынган электр самокаттары алынат.
Мындай чечим шаардагы самокаттардын башаламан колдонулушу жана колдонуудагы коопсуздук үчүн чыгарылган. RTBF телеканалынын маалыматына ылайык, 2022-жылы Парижде 400 миңге жакын электр самокаты менен жүрүү катталган.