Париж Олимпиадасы: Трансгендер делген боксчунун атасы кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөттү

Алжирдин бокс боюнча олимпиадалык курама командасынын өкүлү Иман Хелифтин атасы Амар Хелиф спортчунун кыз киши экенин далилдеш үчүн анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана бала кездеги сүрөттөрүн көрсөттү. Бул тууралуу Daily Mail жазды. 

Басылманын маалыматына караганда, Хелиф 1999-жылдын 2-майында туулгандыгы тууралуу күбөлүк көрсөткөн, ал Имандын кыз болуп төрөлгөнүн тастыктайт. 

«Аны жапырт каралоо — адепсиздик жана адилетсиздик. Иман 6 жашынан бери спортко жакын, футбол ойногон кичинекей кыз. Бул сындар жана ушактар ​​Иманды алагды кылууга багытталган, алар анын Олимпиада чемпиону болушун каалабайт. Ал рингде айткандар туура эмес экенин далилдеп, Алжирге жана Араб өлкөлөрүнө даңк алып келип, алтын медалга ээ болот деп үмүттөнөм. Ал биздин үлгү», — деди Амар Хелиф.

Буга чейин кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча мелдештин чейрек финалында италиялык Анжела Карини алжирлик трансгендер делген спортчу Иман Хелиф менен 46 секунд гана беттешкен. Карини денеси ооруп жатканын айтып, беттешти токтоткон. Хелиф 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында тестостерондун жогорулашынан улам дисквалификацияланган, бирок Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилген.