Париж Олимпиадасы: Түрк спортчусу интернет жылдызына айланды

Түркиялык аткыч Юсуф Дикеч 2024-жылдагы Олимпиада оюндарында көрсөткөн оюнунан кийин интернет жылдызына айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, 51 жаштагы спортчу 10 метр аралыкка пневматикалык тапанчадан атуу боюнча күмүш медаль тагынды. Интернет колдонуучулар Юсуф Дикечтин эркин абалда, колун чөнтөгүнө салып атып жатканына таң калышты.

Ал кулагына үнду басаңдатуучу кулакчын да, көзүнө атайын көз айнек да таккан эмес. Белгиленгендей, Юсуф Дикеч буга чейин Олимпиада оюндарына 5 жолу катышып, бирок биринчи медалын Парижде алган.