Париж Олимпиадасында аялдар арасындагы боксто гендердик чатак чыкты

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында аялдардын боксунда гендердик чатак чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча мелдештин чейрек финалында италиялык Анжела Карини алжирлик трансгендер делген спортчу Иман Хелиф менен 46 секунд гана беттешти. Анджела Карини денеси ооруп жатканын айтып, беттешти токтотту. 

Өткөн жылы Иман Хелиф 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында тестостерондун жогорулашынан улам дисквалификацияланган, бирок Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилген.