Париж Олимпиадасында медаль алгандарга берилген кутуда эмне бар? (видео)

Париж олимпиадасынын жеңүүчүлөрү медалдан тышкары узун куту менен да сыйланды. Казак ЖМКлары анын ичинде эмне бар экенин көрсөттү. 

«Спортчуларга берилген алтын түстөгү кутучанын ичинде атайын жасалган плакат бар. Француз сүрөтчүсү Уго Гаттони сүрөт тартууну 2023-жылдын 9-сентябрында баштап, ушул жылдын 19-январында бүтүргөн. Плакатта Олимпиада учурундагы Франциянын борбору чагылдырылган. Уго Гаттони өзүнүн фантазиясына таянып, жасалма интеллекттин жардамысыз тартканын билдирди»,- деп айтылат маалыматта.