Парижде Эйфель мунарасына чагылган түштү

Кечээ Франциянын борбору Париждеги Эйфель мунарасына чагылган түшкөн. Бул көрүнүштү сүрөтчү Кулик Бертран тартып алып, Твиттер баракчасына жүктөгөн.

«Эйфель мунарасына чагылган саат 18:00дө мунара жаркыраган учурда (биздин саат боюнча 22:00) түштү», — деп жазган сүрөтчү.

Маалыматка ылайык, мындай көрүнүш 5 жылда бир болуп турат. Бирок ал жашоочуларга, мунарага эч кандай зыянын келтирбейт.