Париж соту Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге каршы ишти карай баштады. Ал Ливиянын маркум диктатору Муаммар Каддафиден шайлоо кампаниясы үчүн 50 миллион евро алган деп айыпталууда. Бул тууралуу France 24 телеканалы жазды.
Эгер күнөөлүү деп табылса, Саркози 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 375 миң евро (386 миң доллар) айып пул салынышы мүмкүн.
Франциянын экс-президенти 2007-жылдагы президенттик өнөктүгүн мыйзамсыз каржылаган деп айыпталууда. Тергөө ага «2005-жылы Саркози менен Каддафинин ортосунда коррупциялык келишим түзүлгөн. Анын натыйжасында мурдагы президенттин шайлоо штабы 50 миллион евро алган» деген айып тагууда.
Тергөө иштери 2013-жылы башталган. «10 жылдык иликтөө жүрдү, болуп көрбөгөндөй ресурстар коротулду. Телефон тыңшоолордун, соттордун чет өлкөлөргө чыгуусунун жыйынтыгы жок», — деди айыпталуучунун адвокаты Кристоф Ингрен.
Маалымат үчүн: Николя Саркози Франциянын 23-президенти. Ал өлкөнү 2007-2012-жылдар аралыгында башкарган.