Парижде экоактивисттер Лувр музейиндеги Леонардо да Винчинин брондолгон айнек менен корголгон атактуу «Джоконда» («Мона Лиза») картинасына шорпо чачышты. Бул тууралуу Франс Пресс жазды.
Алар ден соолук жана экологиялык жактан таза тамак-аш укугун талап кылышты. Бактыга жараша, сүрөт брондолгон айнек артында турат.
2022-жылдын май айында «Мона Лизага» торт ыргыткандан кийин музейдегилер сотко кайрылганын билдиришкен. Буга чейин майыптыгы бар адамдар үчүн коляскада отурган, парик жана кепкачан адам дүйнөгө белгилүү сүрөткө торт ыргытканы маалымдалган. Ал өзүнүн аракеттерин планетаны сактап калуу чакырыктары менен коштогон.