Парижге барган казак чиновниги каза тапты

Алматынын спорт департаментинин жетекчиси Эрден Хайруллин Парижде каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарчысы билдирди.

Маалыматты Туризм жана спорт министрлиги да тастыктаган. «Эрден Хайруллин Парижде түн ичинде күтүүсүздөн каза болду», — деп билдирди министрлик.

Маалыматка караганда, Хайруллин жүрөк оорусунан улам каза болгон. 

Алматынын акимиаты чиновник иш сапарда болгонун билдирди. Ошол эле маалда министрлик мекеменин жетекчиси расмий олимпиадалык делегациянын курамына кирбегендигин тактады.