Париж соту Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровго 6 берене боюнча айып такты. Буга чейин полиция аны 12 пункт боюнча суракка алганын BFMTV прокурорго шилтеме берүү менен маалымдады.
«Айыптоо корутундусунан кийин сот ишкерди 5 миллион евро күрөө жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келүү милдети менен бошотту», — деп билдиришти Париждин прокуратурасынан. Ага Франциянын аймагынан чыгууга тыюу салынган.
26-августта Франция прокуратурасы анын кармалышы боюнча маалымат тараткан. Андагы маалыматка караганда, кылмыш иши боюнча тергөө 8-июлда башталган. Ишкердин камактагы мөөнөтү 28-августта бүтмөк. Иште 12 айып тагылган. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль МакронДуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу комментарий берип, бул саясий чечим эмес экенин айткан.
Кытайда электромотоцикл менен дубалды сүзгөн эки өспүрүм көз жумду. Маалыматка караганда, алар электромотоцикл окуя болгонго чейин бир күн мурда сатып...
Ушул жылдын 7-мартында Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын...