Павел Дуров эркиндикке чыкты, бирок ал Франциядан чыкпашы керек

Париж соту Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровго 6 берене боюнча айып такты. Буга чейин полиция аны 12 пункт боюнча суракка алганын BFMTV прокурорго шилтеме берүү менен маалымдады.

«Айыптоо корутундусунан кийин сот ишкерди 5 миллион евро күрөө жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келүү милдети менен бошотту», — деп билдиришти Париждин прокуратурасынан. Ага Франциянын аймагынан чыгууга тыюу салынган.

26-августта Франция прокуратурасы анын кармалышы боюнча маалымат тараткан. Андагы маалыматка караганда, кылмыш иши боюнча тергөө 8-июлда башталган. Ишкердин камактагы мөөнөтү 28-августта бүтмөк. Иште 12 айып тагылган. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу комментарий берип, бул саясий чечим эмес экенин айткан