Павел Дуров Кыргызстанда келгенде ӨКМдин тик учагын 1 миллион рублга ижарага алганы айтылды

Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров июнь айындагы саякатында сүйлөшкөн кызы үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 миллион рублга тик учакты ижарага алган. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

«Дуров Кыргызстанга июнь айынын ортосунда достору менен учуп барган. Алардын арасында блогер Гусейн Гасанов жана 24 жаштагы стример Юлия Вавилова да болгон. Дуров Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 8 кишилик тик учакты саатына 3 миң долларга ижарага алган. Алар үч саат учуп, негиздөөчү тик учак үчүн бир миллион рублга жакын акча төлөгөн. Учуу толугу менен жашыруун болгон, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылган. Ошол эле адамдар менен Дуров таңкы тамагын Азербайжанда жеген. Бир нече сааттан кийин Павел менен Юлия миллиардердин жеке учагы менен Парижге учуп кетишти, ал жерде француз коопсуздук кызматкерлери аларды «күтүп» алышкан», — деп жазылат маалыматта.