Павел Воля Филипп Киркоровдун Казакстанда ырдап чыккан кылыгын туурады (видео)

«Comedy Club» долбоорунун резиденти жана алып баруучусу Павел Воля мурдагы жылы эсте калган окуяларды дагы бир жолу эске салуу керектигин айтып, Филипп Киркоровдун Казакстанда ырдап чыкканын туурады. Ал видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Филипп Киркоров Казакстандагы концертинде сахнага колготки сымал кийим менен чыккан. Ал концерттен кийин «Ушул үч күндү сөзсүз жеке мемуарымда калтырам. Мен бул жөнүндө сүйлөшүүгө даяр болгондо бөлүшөм. Бирок Астана-2022 концерти менин тарыхымда түбөлүккө калды» деп жазган. 

Кийинчерээк ал дагы түшүндүрмө берген болчу. «Мени «В саду Эдемовом» ырында жарым жылаңач калтырышты. Дал ошол маалда залга чыгышым керек эле. Ошентип, алар мени, күйөрмандардын алдына чыгарып коюшту. Бул жолу алар «Жылаңач падыша» кылгылары келди окшойт, мен залга чыгар алдында, чолок шымсыз калтырып коюшту”, — деп жазган ал.