Пекиндин Чаоян районунун көптөгөн чет элдиктер жашаган «престиждүү» бөлүгүндө бийлик узак убакыттан бери биринчи жолу COVID-19дун жаңы очогун аныкташты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү бийликтин өкүлү Сюй Хэцзянга шилтеме берүү менен билдирди.
«Учурда Чаоян районунда 166га жакын учур коронавирус менен байланыштырылды», — деди чиновник.
Анын айтымында, 13-июндан 15-июнга чейин бул аймакта жарандарды коронавируска массалык түрдө текшерүү башталат.