Пеле досу курган дүйнөдөгү эң чоң тик көрүстөнгө коюлат

Легендарлуу футболчу Пеле менен коштошуу 2-январда, ал эми акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-январда болот.

Спортчу кечээ, 29-декабрда 82 жашында каза болду. Ал көп жылдан бери рак оорусу менен алышып келген. Пеле каза болгон ооруканадан анын сөөгү 2-январда Вила Бельмиро стадионуна жеткирилет. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону менен коштошуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 10до башталып, 3-январь саат 10го чейин уланат.

G1 порталынын маалыматына ылайык, Пеле Бразилиянын Сан-Паулу штатынын Сантос шаарындагы Memorial Necropole Ecumenica тик көрүстөнүнө коюлат. Көрүстөндүн имараты Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Аны Пеленин досу болгон аргентиналык Хосе Альтстут курган. Футболчу өзү бул көрүстөндөн 19 жыл мурун жер сатып алган. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине үй-бүлөсү жана жакын достору гана катышат.

Пеле каза болгонуна байланыштуу Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.