Пеле каза болгонуна байланыштуу Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Пеле каза болгонуна байланыштуу Бразилияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Жаир Болсонару билдирди.

«Бул жарлык жарыялангандан тартып, бүт өлкөдө Эдсон Арантес ду Насиментунун, Пеленин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу иретинде үч күнгө расмий аза күтүү болот», — деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.