Пеленин ичер суусу аз калдыбы? Стадиондо аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүшүүдө

Бразилиядагы «Сантос» клубу легендарлуу футболчу Пелени акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүүнү баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Интернетке тараган сүрөттөргө караганда, клубдун стадионуна чоң чатыр орнотулуп, анын ичине алтын табыт жашырылган. Дарыгерлер Пеленин туугандарына ооруканага келип, аны менен коштошуп кетүүгө чакырышкан.

Октябрь айында Пеле 82 жашка чыккан. Ал бир канча жылдан бери залалдуу шишик дарты менен күрөшүп келет. Ал үч жолку (1958, 1962, 1970-жылы) Дүйнө чемпиону.