Пенсильвания штатынын полициясында Фетхуллах Гүлендин өлүмү боюнча маалымат жок

Кечээ, 18-ноябрда бир катар түрк басылмалары Америка Кошмо Штаттарында ислам дининин үгүтчүсү жана коомдук ишмер Фетхуллах Гүлендин өлүмү тууралуу жазып чыгышты.

Гүлен менен бирге анын Пенсильванияда жүргөн тарапташтарынын бири да каза болгону айтылды. 

Ал арада бир катар маалымат каражаттары түрк оппозициялык ФЕТӨ уюмунун жетекчисинин өлүмү тууралуу маалыматты четке кагып, бул фейк экенин айтышты. РИА Новости билдиргендей, Пенсильвания полициясында Гүлендин өлүмү тууралуу маалымат боюнча маалымат жок. «Поконо-Маунтин аймактык полиция башкармалыгынын өкүлү агенттикке «системада кабарларды (Гүлендин өлүмү) тастыктаган маалымат жок», — деп билдирди.