Лос-Анжелесте ири токой өртү чыгып, жергиликтүү тургундар жапырт эвакуацияланган. Миңден ашык үй зыянга учурады, келтирилген зыян азыр 50 миллиард доллардан ашты.
Америкалык ырчы Пэрис Хилтон Малибу шаарында өрттөнүп кеткен үйүнүн видеосун жарыялады.
«Мен бир кезде үйүбүз болгон жерде турам, жүрөгүмдүн ооруганын сөз менен жеткире албайм. Жаңылыкты биринчи укканда нес болдум. Түшүнө алган жокмун. Бирок азыр бул жерде туруп, көзүм менен көрүп жатам. Жүрөгүм миллион бөлүккө бөлүнгөндөй сезилип жатат», — деп жазды ал.
Ал ошондой эле өрттөнгөн үй жашоо үчүн гана эмес, алар кыялданып, күлүп, үй-бүлө катары эң сонун эскерүүлөрдү жараткан жер экенин мойнуна алды.