Пермдеги мектепте 6-класстын окуучусу ок чыгарды (сүрөт)

Пермдеги мектепте ок атуу болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Пермь аймагындагы Сарс айылында алтынчы класстын окуучусу дубалга жана шыпка эки жолу ок чыгарган. Мектептин директору ок атууну уюштурган окуучуну өз алдынча куралсыздандырган. Окуянын кесепетинен жабыркагандар катталган эмес. Полиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат. «Окуянын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Өспүрүм кармалды. Ал ушул мектептин 6-классынын окуучусу болуп чыкты», — деп РИА Новости агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкен.