Перуда кулаган таш унааны басып калгандагы видео жарыяланды

Перудагы Уарочире аймагында күтүлбөгөн таш көчкү эки жүк ташуучу унаага кулап, трассаны дээрлик толугу менен талкалап салган. Бул тууралуу Logist.Today larepublica.pe жазды.

Окуя 2-февралда борбордук унаа жолдун 97-чакырымында болгон. Окуянын видеосу унаадагы камерага тартылып калган. Таштар эки жүк ташуучу унаага олуттуу зыян келтирген, бирок жабыркагандар болгон эмес. 

Учурда кырсыктын так себебин аныктоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жер көчкүгө жамгыр себеп болушу мүмкүн.