Перуда мамалактын кийимин кийген полиция баңгизат сатуучуну кармады (видео)

Перуда баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн полициясы баңгизаттарды сатуучуларды кармоо боюнча атайын операция өткөрдү. Атайын операция үчүн укук коргоо кызматкерлерине мамалактын костюму жана шоколад керек болгон. Бул тууралуу Fox News кабарлады.

Кармоо 14-февраль — Сүйүү күнүндө болгон. Полиция кызматкерлеринин бири баңгизат сатуучу деп шектелген адамды үйүнөн чыгаруу үчүн мамалактын кийимин кийген. Шектүү чыкканда аны кармап калышкан.