Перунун мурдагы президенти 20 жылга абакка кесилди

Перунун соту мурдагы президент Алехандро Толедону Бразилия менен Перунун ортосундагы трассанын эки участогун курууга келишим түзүүгө жардам берген Odebrecht бразилиялык курулуш корпорациясынан пара алганы үчүн 20 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө бразилиялык компания Латын Америкасы жана АКШдагы чиновниктерге пара бергенин мойнуна алган. Сот жараяны бир жылга созулуп, анын жүрүшүндө саясатчы акчаны адалдоо жана сүйлөшүп алуу боюнча айыптарды четке кагып келген. 

2023-жылы апрелде Алехандро Толедо АКШдан экстрадицияланган. Перунун мурдагы башчысы 35 миллион доллар өлчөмүндө ири өлчөмдө пара алган деп айыпталган.