Перунун Тышкы иштер министри кезекке турбай эмдөө алганы үчүн кызматтан алынды

Перунун Тышкы иштер министри Элизабет Астет Родригес коронавируска каршы кезекке турбай эмдөө алганы үчүн кызматынан айдалды. Бул тууралуу аталган аймактын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, министрди өлкөнүн президенти өзү кызматтан алган. «Тышкы иштер министри  өзүнүн изилдөө тобу үчүн арналган вакцинаны кезексиз алгандыгына байланыштуу анын отставкасын кабыл алдым», — деп Перунун президенти Франсиско Сагасти Твиттердеги баракчасына жазган.