Песков Байдендин Путин тууралуу айтканына жооп берди

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын президенти Жо Байдендин сөзү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

«АКШ президентинин минтип айтканы өзү үчүн өтө жаман билдирүү. Анын биздин өлкө менен алакасын жакшырткысы келбегени көрүнүп турат. Биздин аракетибиз да ушуга жараша болот», — деди Песков.

Ошондой эле Путиндин басма сөз катчысы тарыхта мындай көрүнүш болбогонун да билдирген.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Жо Байден «ABC News» каналына берген маегинде Орусия бийлиги АКШдагы шайлоосуна кийлигишкени үчүн жооп берерин айтып, журналисттин «Путинди киши өлтүргүч деп эсептейсизби?» деген суроосуна Байден «ооба» деп жооп берген.