Петербургда маршрутканын ичинде маска тагып алыңыз деген кишини өлтүрүп коюшту

Санкт-Петербургда маршрутканын ичинде маска тагып алыңыз деген кишини өлтүрүп коюшту. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Полиция кызматынын маалыматы боюнча, шаардагы маршруткалардын биринде эркек киши менен аялга карата «маска тагып алыңыз» дегени үчүн 53 жаштагы адамдын өлүм менен аяктаган жаракат алуусу боюнча кылмыштын бети ачылды. Анын бычакталган жансыз денеси 17-ноябрда шаардагы жолдун четинен табылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, маркум маршруткада бара жаткан жүргүнчүлөр менен маска тагынуу керек деп чырдаша кеткен. Оозеки жаңжал коомдук транспорттон түшкөн соң, жолдун четинде мушташка өтүп уланып, шектүү киши жабыркоочуга бир канча жолу бычак шилтеп жиберген. Анын жыйынтыгында «маска тагынгыла» деген адам каза болгон.

Каза тапкан адам илимий-изилдөө сертификация борборунун директорунун орун басары экени маалым болгон. Тергөөчүлөр факты боюнча кылмыш ишин козгоп, кийинчерээк кылмышка тиешеси бар адамдарды кармашкан.