Pfizer жыл аягына чейин коронавирустун дарысын сатыкка чыгарышы мүмкүн

Коронавирустун алгачкы белгилери байкалганда үйдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берген дары жыл аягына чейин даяр болушу мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 27-апрелде CNBC телеканалына берген маегинде Pfizer компаниясынын башкы директору Альберт Бурла билдирди.

Анын айтымында, вируска каршы жаңы препарат коронавирустун жаңы штаммдарын дарылоодо да натыйжалуу болору күтүлүүдө. Бурла компания эки түрдүү дарыны сыноодон өткөрүп жатканын билдирди: бирөө кан тамырга сайылат, экинчиси таблетка сыяктуу ичилет. Башкы директордун айтымында, Pfizer дарынын ичиле турган вариантына өзгөчө көңүл бөлүп жатат, анткени таблеткалар бейтапты коронавирустан дарылануу үчүн ооруканага баруу же медициналык кызматкер чакыртуу түйшүгүнөн арылтат. Дары элге качан жеткиликтүү болушу мүмкүн деген суроого Бурла «Баары жакшы өтсө, жыл аягына чейин» деп жооп берди. Ал компания дары тууралуу кененирээк маалыматты жай айларында берерин кошумчалады.

Аталган компания дүйнөдө биринчи болуп уруксат берилген коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыкканы маалым.