Pinduoduo компаниясынын негиздөөчүсү Кытайдын эң бай адамы болгону айтылды

Colin Huang, chief executive officer and founder of Pinduoduo, poses for a photograph at the company's office in Shanghai, China, on Friday, Feb. 24, 2017. Pinduoduo, or PDD, is a kind of Facebook-Groupon mashup that Huang believes could revolutionize e-commerce. Photographer: Qilai Shen/Bloomberg via Getty Images

Bloomberg миллиардерлеринин индекси боюнча Тему жана Пиндуодуонун негиздөөчүсү Колин Хуанг Кытайдын эң бай адамы болгонун жазды. Анын байлыгы 48,6 миллиард долларга бааланып, бөтөлкөдөгү суу чыгаруучу Nongfu Spring компаниясынын негиздөөчүсү Чжун Шаньшандан озуп кетти, анын байлыгы 47,4 миллиард долларга бааланган. 

Колин Хуанг карьерасын Google’да баштап, 2015-жылы Pinduoduoну негиздеген. Бул электрондук соода платформасы чоң ассортимент жана олуттуу арзандатуулары менен тез эле популярдуу болуп калды. 2022-жылы Хуан Temu глобалдык платформасын ишке киргизди, ал дагы ийгиликтүү болуп, анын байлыгынын өсүшүнө салым кошкон. Temu аркасында Хуандын компаниясы эл аралык, анын ичинде АКШ рыногунда олуттуу ийгиликтерге жетишти.