«Питер Пэн жана Венди» тасмасынын трейлери чыкты

Уолт Дисней студиясынын «Питер Пэн менен Венди» тасмасынын трейлери интернетте пайда болду. 

Уолт Дисней студиясынын YouTube каналы Дэвид Лоури тарткан эки мүнөттүк трейлерди чыгарды. Видео 730 миңге жакын жолу көрүлгөн. Классикалык окуянын жаңысында жомоктогудай Неверленд аралы тууралуу айтылат. Тасма чоңоюуну каалабаган Питер Пэнге кошулган Венди, анын бир туугандарынын жоруктары тууралуу баяндайт.

Тасма 2023-жылдын 28-апрелинде чыгат.