Планетанын эң улуу карыясы 127 жашында көз жумду

Планетанын эң улуу жашоочусу Натабай Тинсиеу 127 жаш курагында көз жумду. Ал өмүрүндөгү акыркы күндөрдү Түштүк Африкадагы алыскы Азефа аймагында өткөргөнүн «Daily Mail» жарыялады.

Небереси Зере Натабай чоң атасы чындыгында 137 жашка толгонун журналисттерге айткан. Анын маалыматы боюнча, алыскы айылдагы чоң атасы төрөлгөндөн кийин каттоого алынгыча 10 жыл убакыт корогон. Зере Натабай Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлү менен да байланышып, чоң атасынын жашына байланыштуу тактоо киргизүү боюнча билдиргенин да айтты.

«Туугандарынын айтымында, Натабай Тинсиеу өмүр бою мал чарбачылыгы менен алектенип, көп иштеп, мээримдүү, жоопкерчиликтүү адам болгонун айтышкан. Гиннесстин рекорддор китебиндеги маалыматка таянсак, дүйнөдөгү эң узак жашаган адам деп катталган япониялык Дзироэмон Кимура 2013-жылы 116 жашында көз жумган. Ал эми учурдагы эң улуу курактагы адам деп япониялык айым — 118 жаштагы Кане Танака катталган. Ал арада япониялык Титэцу Ватанабэ 112 жашында — 2020-жылы дүйнөдөгү эң улуу курактагы адам деген күбөлүктү Гиннесстин рекорддор китебинен алган», — деп айтылат маалыматта.