Пластикалык хирург менен экоактивист быйылкы жылдын «Планета сулуусу» аталды

27-ноябрда Камбоджада “Мисс Планета-2024” эл аралык сулуулук сынагынын финалы өттү.

Бул жылы эки жеңүүчү аталды. Angel Miss Planet International 2024 наамын индонезиялык Олла Левина, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынан Махра Лутфи Miss Planet International наамын алды. Титулдун эки ээси тең бирдей укуктарга ээ.

Махра Лутфи – модель жана пластикалык хирург.

23 жаштагы Олла Левина экология боюнча жогорку билимге ээ жана айлана-чөйрөнү коргоо менен алектенет.