«Поездде сүйүп калып…» Казакстандык кызды 19 жыл издешкен

Тажикстанда дайынсыз жоголгон Асел Дүйсенбаева 19 жыл бөтөн жерде кантип документсиз жашаганын, эмне үчүн өлкөдөн чыгып кетип, ата-энеси менен байланыша албай калганын айтып берген. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

«2000-жылдары биздин үй-бүлө үчүн оор мезгил болгон. Ошол учурда поездде тамак-аш сатып жүрчүмүн. Бир станциядан экинчисине суу, таттуу суусундуктар, токоч сатчумун. Ошентип, Душанбеге кеткен поездде бир тажик жигитине жолугуп калдым. Жаш элем, сүйүп калдым, анын сөзүнө ишенип, поездден чогуу түшүп калдык. Ал мага үйлөнгүсү келгенин айтты. Бирок ата-энеси уруксат бербей, башка улуттун кызын келин кылып алгылары келген жок. Мен бул жигиттин экинчи аялы болуп калдым. Ал мага өзүнчө батир ижарага калып берген. Ошол жакта жашачумун», — дейт Асел.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин Асел баласынан айрылган. «Казакстандан чыкканда аты-жөнүмдү тастыктаган документ алганга үлгүрбөй калгам. Чоң жашоого даяр эмес элем. Казакстанга кайтып келейин десем да, жол таппай койдум. Ар кайсы кафелерде официант болуп иштеп калдым. Казак тилин унута баштадым. Акыры Казакстанга кайтып келем деген үмүтүм өчүп калды», — деп эскерет Асел.

Учурда Асель Дуйсенбаева Атырауда официант болуп иштейт, жашоосу калыбына келип, үйүндө отурганына кубанычта. «Тилекке каршы, менин качып кеткениме атам катуу капа болуп, көзү өтүп кетти. Аны менен коштошкон эмесмин. Азыр апамдын жанындамын. Аны багып жатканыма кубанычтамын», — дейт ал.