Польшада адамдар жалгыздык менен күрөшүү үчүн кучакташуу салонуна барып жатышат

Польшада адамдар жалгыздык менен күрөшүү үчүн кучакташуу салонуна жазылышат. «Аня менен кучакташуу» деп аталган бул борбор эки жыл мурун эле ачылган. Учурда алдын ала жазылгандарды тизме менен кабыл алышат. Бул тууралуу тууралуу New-York Post басылмасы жазды.

Көбүнчө 40-60 жаштагы адамдар барышат. Кардарлар саатына 37 доллар төлөп кучакташат жана психологиялык колдоо алышат.

«Мен ушунчалык көп адамдар кызыкдар болот деп күткөн эмесмин. Кучакташууга келгендер травма алган, эмоционалдык, кээде сексуалдык жакындыктан корккон же жөн гана түшүнүүгө жана колдоого муктаж адамдар», — деди борбордун ээси Александра Касперек 6-январда Улуттук кучакташуу күнүнө карата маек берип жатып.

Сеанс падыша стилиндеги кучакташуу бөлмөсүндө өтөт. Ал жерде жыпар жыттуу жаздыктары жана жамынчулары менен керебет, күйгөн камин жана гидромассаждык душ, люкс ванна бар. Конокторго таттуу даам, кофе, чай, ысык шоколад же бир ууртам шампан сунушталат.

Салонго кардарды кабыл алууда чакан сурамжылоо жүргүзүлөт. Анда анын оорусу барбы, алкоголго же баңгизатка көз карандылыгы барбы, жокпу текшеришет. Кардар «сексуалдык чек араларды» кесип өтүүгө аракет кылса сессия токтотулат.

Касперектин айтымында, кучакташуу кан басымын төмөндөтөт жана стресс гормону кортизолду азайтууга жардам берет.