Амалкөйлүгү жакаңды карматат! Польшада «манекен жигит» зер дүкөндү тоноду

Польшада дүкөндөрдү тоноо үчүн жаран соода борбордо өзүн манекен катары көрсөткөн. 

Варшава полициясы соода борборунда өзүн манекен катары көрсөтүп, зер дүкөнүн тоноп, эки жолу тамактанганга жетишкен жигитти кармаган. Жигит соода борбор жабылганча күтүп туруп, «ишине» киришкен. 

Биринчи учурда, жигит дүкөндүн витринасынын алдында сумка көтөрүп, манекен сыяктуу турган. Соода борбору жабылып, ага эч ким тоскоол болбой турганын түшүнүп, зер дүкөнүн тоноп кеткен.

Эртеси күнү соода борбор жабылгандан кийин, ал барлардын бирине барып, ошол жерден тамактанган, андан кийин кийим дүкөнүнө кирип, кийимдерин жаңысына алмаштырган. Барга кайтып барып, кайра тамактанууну чечкен, бирок күзөтчүлөр жигитти байкап калып, аны кармап, полиция чакырышкан. Зер буюмдарды жана бекер тамакты сүйгөн адам 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.