Польшада «вампир аялдын» сөөгүнүн калдыктары табылды (сүрөт)

Польшанын түндүгүндөгү Торун шаарына жакын Пиен кыштагында эски көрүстөндө археологиялык иштерди жүргүзүү учурунда «вампир аялдын» сөөктөрү табылды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Археологдордун көңүлүн адаттан тыш көрүстөн бурган. Анда маркумдун кекиртек тушунда орок болгон. Ал эми бутунун бармагына кулпу илинип турган. Археологдор көмүлгөн айым ак сөөктөрдөн болгон деп эсептешет, анткени анын башындагы жибек баш кийимдин калдыктары сакталып калган. 

Сөөк коюунун мындай ыкмасы ошол мезгилде жашаган адамдардын ырым-жырымдарынан улам колдонулгандыгы белгиленет. Көмүлгөн маркум мүрзөдөн турууга аракет кылганда орок башын кесип кетсин, көрдөн чыкпасын деп, кекиртегине орок коюшкан. Ушундай эле себептер менен бутуна кулпу илинген.

Окумуштуулардын айтымында, Чыгыш Европадагы өлбөгөндөр жөнүндөгү уламыштардын тамыры 11-кылымга таандык. Ошондо адамдар өлгөндөр мүрзөдөн чыгып, вампирге айланып, тирүүлөрдү коркутушу мүмкүн деп коркушкан.

Өз өмүрүнө кол салгандар сыяктуу мезгилсиз каза болгон адамдар да вампиризмге көп шектелген. Көмүүдө алардын тамагына таш же орок тагылган.