Казакстандын “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы сахнада көз жумду. Orda-Telegram каналынын маалыматына караганда, каргаша кечээ, 14-октябрда кечинде Астанада концерт башталар алдында болгон.
Маалым болгондой, 21 жаштагы мобилограф сахнада эс-учун жоготуп кулап, каза болгон. Иш-чара токтотулган.
“Биз үчүн айтуу абдан кыйын болуп жатат. Мобилограф сахнада кулап түштү. Көрсөңөр керек, ал каза болду. Ошондуктан, тилекке каршы, бүгүн концерт коё албайбыз. Келгениңизге чоң рахмат”, — деди “Ирина Кайратовна” тобунун мүчөсү Азамат Маркленов.